Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

АКШда Орусиянын Олимпиада комитетинин мурдагы орун басары кармалды


Ахмед Билалов.
Ахмед Билалов.

АКШнын Миграциялык кызматы 23-октябрда Орусиянын Олимпиада комитетинин башчысынын мурдагы орун басары Ахмед Билаловду АКШдагы Флорида штатындагы үйүнөн кармады. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин 2014-жылдагы Сочи Олимпиадасына даярдык учурунда курулуш иштерин кечеңдетип, чыгымды көбөйткөнү үчүн сындагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Түбү дагестандык Ахмед Билалов эмне себеп менен кармалганы жана буга чейин издөөдө болгон-болбогону азырынча белгисиз.

Сочи Олимпиадасына даярдык коррупциялык иштер боюнча дооматтар менен коштолгон. Орусия Олипиада оюндарына 50 миллиард доллар короткон.

Путин түз ободо Билаловду трамплинден секирүү курулуштарына кеткен чыгымды жогорулатып жибергени үчүн сындаган. Ошондон кийин ал өлкөдөн чыгып кетип, кызматынан бошотулган.

2013-жылы ал «The Guardian» басылмасындагы маегинде сымап менен ууландырылганын, ошондон кийин Орусиядан качып кеткенин айткан.

XS
SM
MD
LG