Украинанын борбору Киев шаарындагы жарылуудан эки эркек киши өлүп, бир аял жаракат алды.
Окуя 22-октябрда кечки саат 11лер чамасында болгон. Көз жумгандардын бири - Донбасстагы согуштун катышуучусу, экинчиси - ошол жердеги имараттын күзөт кызматкери болгон. Ал эми жеңил жаракат алган аял окуя болгон жерден 30 метрден алыста турган. Киев полициясынын башчысынын орун басары Герман Приступанын айтымында, өлгөн эки киши жарылуу болгонго чейин сүйлөшүп турушкан.
- Биз күбөлөрдү сурайбыз, чыр-чатакты эч ким көргөн эмес. Биз «атайылап киши өлтүрүү» беренеси боюнча иликтөө баштадык, - деди Киев полициясынын башчысынын орун басары.
Окуя Киевдеги беш жылдыздуу «Premier Palace» мейманканасына, Кызыл чырым уюмунун имаратына жана ошол көчөдөгү ресторанга жакын жерде болгон.