АКШнын коргоо министри Марк Эспер алдын-ала кабарланбаган сапар менен Иракка келди. Анын бул сапары Вашингтон Сириянын түндүгүнөн аскерлерин Ирак аркылуу чыгарып жаткан учурда болуп жатат.
Эспер Ирактын премьер-министри Адел Абдул Махди жана коргоо министри Нажах ал-Шаммари менен жолугушмакчы.
22-октябрда ирактын аскер башчылары АКШнын Сириядан чыгарылган жоокерлери Иракта калууга уруксаты жок экенин билдиришкен.
«Сириядан чыгарылган АКШнын бардык аскерлерине Ирак Күрдстанына кирүүгө уруксат Ирактан кетиш үчүн гана берилди», деп айтылат Ирактын жогорку командачылыгы тараткан билдирүүдө.
22-октябрда Эспер Сауд Арабиясындагы сапарында аскерлер Иракты «убактылуу» – Кошмо Штаттарга кайтып келгенге чейин боло турганын билдирген.
Ага чейин Петагондун башчысы Сириядан чыгарылган аскерлер Ирактын батышында каларын жана «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы операцияларын уланта турганын кабарлаган.
Учурда АКШнын Иракта «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөшкөн эл аралык коалициянын курамында кызмат өтөгөн 5200 жоокери бар. Президент Дональд Трамп ушул айдын башында Сириянын түндүк-батышындагы 1000дей жоокерин чыгарып кетүүнү чечкен. Бирок кийинчерек Пентагон аскерлер «Ислам мамлекетинин» жоочулары пайда көрбөсү үчүн Сириянын түндүгүндөгү мунай кендерине жакын жерлерде кала бере турганын айткан.