Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Эл аралык уюмдар Донбасста журналисттин соттолушун айыпташты


«Асеевге боштондук» акциясы.
«Асеевге боштондук» акциясы.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине көз салган эл аралык уюмдар, украин өкмөтү, ошондой эле америкалык сенатор «Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен кызматташкан украиналык журналист Станислав Асеевдин Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин соту тарабынан 15 жылга кесилгенин айыпташты.

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, Нью-Йорктогу Журналисттерди коргоо комитети, Журналисттердин европалык федерациясы, Украинанын Тышкы иштер министрлиги, америкалык республикачыл сенатор Марк Рубио тараткан билдирүүлөрдө журналист мыйзамсыз соттолгону белгиленип, аны тезинен бошотуу чакырыктары камтылган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай Асеевдин соттолушу «айыпталышы керек» деп билдирди. Ал журналист катары Украинанын чыгышындагы кырдаалды чагылдырып жүргөнүн белгилеген Флай жикчил бийликтин ага карата чыгарган чечимин «журналисттин көз каранды эмес, кубаттуу добушун басуу аракети» деп баалап, ошондой эле Асеевди дароо бошотууга үндөдү.

Журналистти 2017-жылдын 2-июнунда Донецк чөлкөмүндө уурдап кетишип, ошондон бери ал жикчилдердин абагында кармалып келди.

Журналистке карата чыккан өкүм тууралуу жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактагы Донецкинин жаңылыктар агенттиги 22-октябрда маалымдаган. Кабарга ылайык, өкүм августта чыгып, дароо эле күчүнө кирген. Журналист «Тыңчылык», «Экстремизм» беренелери жана жикчилдердин «Донецк элдик республикасынын» (ДНР) аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген чакырыктары үчүн күнөөлүү деп табылган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу ошондой эле украин редакциясы үчүн жазып жүргөн Олег Халазюктун коё берилишине чакырды. Бул журналист эки жылдан ашуун убакыттан бери Донецкидеги жикчилдердин камагында кармалып келе жатат.

XS
SM
MD
LG