Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Прокурор соттон Илмияновду 7,5 жылга камакка алууну сурады


Икрамжан Илмиянов сотко жеткирилген учур. 2018-жыл.
Икрамжан Илмиянов сотко жеткирилген учур. 2018-жыл.

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн, 23-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун ишин кароо улантылып жатат.

Отурумда сөздү прокурор алып, айыптоочу тарап Илмияновду күнөөлүү деп эсептей турганын жана тергөөдө анын кунөөсү толук далилденгенин билдирди. Ал өз сөзүндө Икрамжан Илмияновго ортомчулар аркылуу 150 миң доллардын берүү аракетин баштан-аяк баяндап, акча анын колуна 2017-жылдын 8-августунда тийгенин айтты.

Прокурор далил катары күбөлөрдүн сөзүн, банктын кагаздарын жана телефон чалуунун тарыхын келтирип, соттон Илмияновду күнөөлүү деп таап, жети жыл алты айга камакка алууну суранды. Мындан тышкары, ал кошумча 100 эсептик көрсөткүчтө айыппул салууну өтүндү.

Мунун алдында Илмиянов көрсөтмө берип, ага айыптар жасалма коюлганын, ошондуктан күнөөсүн мойнуна албай турганын айтты. Ал ошондой эле аны Орусиядан эч ким кармап келбегенин, Бишкекке өзү келгенин билдирген.

«Шоопур» деген каймана ат менен элге таанылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) кабарлаган.

Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Ага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Анын соту утуру жылып келе жаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG