Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:15

Сочиде Орусия-Африка саммити башталды


Президент Владимир Путин Орусия-Африка саммитинде.
Президент Владимир Путин Орусия-Африка саммитинде.

23-октябрда Орусиянын Кара деңиздеги Сочи шаарына ондогон Африка мамлекеттеринин лидерлери келди.

Президент Владимир Путин эки күндүк Орусия-Африка саммитин египеттик кызматташы, Африка Биримдигинин учурдагы башчысы жана жыйындын теңтөрагасы Абдел Фаттах ас-Сиси менен ачты.

Кремль билдиргендей, Африкадагы 54 мамлекеттин 43үнүн башчылары саммитке келе турганын ырасташкан. Эки күндүк жыйындын алкагында Путин 13 мамлекеттин лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Батыш мамлекеттери жана Кытай Африкада өз таасирин бекем орнотушкан. Ошол эле кезде Орусия жана Индия континентте таасирин көбөйтүүгө аракет кылышууда.

Советтер Союзунун учурунда Москва Африкадагы негизги оюнчу болгон жана 1991-жылы ал ыдырагандан кийин таасири төмөндөп кеткен.

Акыркы 20 жылда Кытай Африка мамлекеттерине миллиарддаган доллар акча жумшап таасирин арттырды.

Учурда Орусия менен Африканын товар жүгүртүүсү 20 миллиард долларды түзөт. Бул Кытайга караганда 10 эсе аз.

Орусиянын президенти Владимир Путин саммитти ачып жатып Африка мамлекеттери менен товар жүгүртүүнү эки эсе көбөйтүү зарыл экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG