Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

Британияда жүк ташуучу машинеден 39 кишинин өлүгү табылды


39 кишинин сөөгүн табылган жүк ташуучу машине. Каза тапкан 39 кишинин арасында бир өспүрүм болгон.

Британ полициясы шаршембиде Лондондун чыгышындагы Эссекс аймагында жүк ташуучу машинеден 39 кишинин сөөгүн тапты. Полиция тараткан маалыматка караганда, фура Грейс шаарчасынын өнөр жай зонасында токтоп турган. Анын айдоочусу, 25 жаштагы ирландиялык жаран киши өлтүрүүгө шектүү катары кармалды.

Азырынча машине Болгариядан чыкканы, Британиянын аймагына өткөн ишембиде киргени аныкталды. Каза тапкандардын ичинен бирөө өспүрүм экени маалымдалды. Полициянын расмий өкүлү алардын тек-жайын аныктоого көп убакыт кетиши мүмкүн экенин билдирди.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG