Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

Арстанбек Алайды коргоп чыккандар алар да кудай экендигин жарыялашты


Арстанбек Абдылдаевдин тарапкерлеринин басма сөз жыйыны. Бишкек, Кыргызстан. 23-октябрь, 2019-жыл.
Арстанбек Абдылдаевдин тарапкерлеринин басма сөз жыйыны. Бишкек, Кыргызстан. 23-октябрь, 2019-жыл.

Арстанбек Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин ондогон тарапкери Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, ага карата кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдиришти. Топтун өкүлү Элвира Сатыбекова өзүн кудай деп атаган кишини куугунтукка алуу абсурд экенин айтып, анда аларга да иш козголушун талап кылды:

- Арстан Алай «жаңы кудаймын» деп чыкканы үчүн кылмыш ишин козгошту. Биз ошону коргош үчүн келдик. Биздин кыргыз элибиздин бардыгы кудай, жердеги ар бир кыргыз кудай. Ата-бабаларыбыз кудай менен кудайдын ролун аткарып келген. Биз да кудайбыз. Бизге да кылмыш ишин козгошсун. Эгер козгой албаса, анда Арстан Алайга иш козгогон кишиге кылмыш ишинин ачылышын талап кылабыз.

Чогулгандар 24-октябрда Бишкектин биринчи май райондук бөлүмүнө аларга иш козгошун талап кылып барышарын, эгер козгобосо анда 25-октябрда Башкы прокуратурага барып даттанышарын айтышты. Алар ошондой эле «Кудай» деген түшүнүк материалдык нерсе катары эмес, энергия катары мүнөздөлүп жатканын билдиришти.

16-октябрда парламенттин жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) «Мен Кудаймын» деген сөзү экспертизага жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Ал бул цитатадан «диний кастыкты козутуу» аракети текшерилерин билдирген.

Мындан кийин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Арстанбек Алайга (Абдылдаевге) карата Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүштү баштаганы маалым болгон.

Арстанбек Абдылдаев буга чейин Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн «Кудай» деп жарыялаган. Ал Арстан Алай деген ат менен да белгилүү. 2011-2017-жылкы президенттик шайлоого катышкан. Кеңири коомчулукка «Зима не будет» («Кыш болбойт») деген сөздөрү менен таанылып, ал Интернетте кызуу талкуу жараткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG