«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 24-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;
Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 15…20;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17;
Нарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте 24-октябрда жамгыр жаабайт. Борбордо абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 18... 20° болот. (ErN)