Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Өкмөт башчы «калькулятор баланы» кабыл алды


Мухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбековду кабыл алган учуру.
Мухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбековду кабыл алган учуру.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Өкмөт башчы Арсенди математика менен менталдык арифметиканы өздөштүрүү менен чоң жетишкендиктерге жеткени, ошондой эле эл аралык сынактарга жана олимпиадаларга ийгиликтүү катышуусу менен куттуктады.

- Сенин ийгиликтериң Кыргызстандын өсүп келе жаткан мууну интеллектуалдык жактан абдан өнүгүп жатканын, ачыктыгын, ийкемдүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Менталдык арифметика логикалык ой жүгүртүүнү, аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, билимди системага салууга жардам берет. Мугалимдер балдардын болгон дараметин ачыш керек, алардын тилди үйрөнүшүнө туура багыт жана дем бериши абзел, - деди Абылгазиев.

Премьер-министр Арсендин ийгиликтерге жетишүүсүнө салым кошкон апасына жана устатына ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчы аларга жаш муундардын сапаттуу билим алышына шарт түзүш үчүн мамлекет жасап жаткан иш-аракеттер тууралуу айтып берди. Соңунда өкмөт башчы Арсенге чакан белектерин тапшырды.

Мунун алдында кыргызстандык окуучу, 12 жаштагы Арсен Рахымбеков «Россия-1» телеканалындагы «Удивительные люди» берүүсүнө катышып, эфирде математикалык эсептерди тездик менен чыгарган. Ушундан кийин ага Интернет басылмалары жана социалдык тармактын колдонуучулары «калькулятор бала» деп ат коюшкан. Арсен менталдык арифметика боюнча 2018-жылкы дүйнөлүк олимпиадага катышып, алдыңкы орунду алган, Казакстанда өткөн олимпиадада биринчи орунду камсыз кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG