Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:53

АКШнын Киевдеги элчиси Трамп боюнча көрсөтмө берди


Уильям Тейлор.
Уильям Тейлор.

22-октябрда Киевдеги дипломатиялык корпусту жетектеген жогорку даражалуу дипломат президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселесин иликтөөнүн алкагында АКШ Конгрессинде көрсөтмө берди. «New York Times» жана «Washington Post» гезиттери жазышкандай, Уильям Тейлор Трамп расмий Киев америкалык президенттин саясий оппоненттеринин иш-аракеттерин иликтөөгө даяр болсо, Украинага жардам берилерине убада бергенин айтты.

25-июлдагы телефондук сүйлөшүүсүндө Трамп президент Владимир Зеленскийден өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулунун Украинадагы иштерин иликтөөнү суранган. Дал ошол тушта Вашингтон Киевге бермек болгон 400 миллион доллар өлчөмүндөгү аскердик жардам кечеңдеп жаткан.

Атайын кызматтагы информатор бул маалыматты тиешелүү органдарга тапшыргандан кийин демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты «ыйгарым укугунан аша чапты» деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын караштыра баштаган. Коюлган дооматтарды четке кагып келаткан президент Трамп Тейлор көрсөтмө берерде «булар Линч сотуна салып атышат» деп айтты.

XS
SM
MD
LG