Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:52

АКШнын коргоо министри Иракта Сириядан чыгарылган аскерлерди алып кетүүнү талкуулады


АКШнын коргоо министри Марк Эспер менен Ирактын коргоо министри Нажах ал-Шаммари.
АКШнын коргоо министри Марк Эспер менен Ирактын коргоо министри Нажах ал-Шаммари.

АКШнын коргоо министри Марк Эспер 23-октябрда Ирактын коргоо министри Нажах ал-Шаммари менен жолукту. Анда Сириядан чыгарылган америкалык аскерлерди алып кетүү маселеси талкууланды.

Эспер менен жолуккандан кийин Нажах ал-Шаммаринин «Associated Press» агенттигине айтканына караганда, Сириядан Иракка келген америкалык жоокерлер төрт жумада өлкөдөн чыгарылат.

Анын айтымында, америкалык аскерлер Иракты «транзит жолу» катары пайдаланууда жана кийин Кувейтке, Катарга же Кошмо Штаттарга кетет.

АКШнын коргоо министри Марк Эспер алдын-ала кабарланбаган сапар менен Иракка келди. Анын бул сапары Вашингтон Сириянын түндүгүнөн аскерлерин Ирак аркылуу чыгарып жаткан учурда болуп жатат.

22-октябрда Ирактын аскер башчылары АКШнын Сириядан чыгарылган жоокерлеринин Иракта калууга уруксаты жок экенин билдиришкен.

«Сириядан чыгарылган АКШнын бардык аскерлерине Ирак Күрдстанына кирүүгө уруксат Ирак аркылуу кетиш үчүн гана берилди», - деп айтылат Ирактын жогорку командачылыгы тараткан билдирүүдө.

22-октябрда Эспер Сауд Арабиясындагы сапарында аскерлер Иракта «убактылуу» – Кошмо Штаттарга кайтып келгенге чейин боло турганын билдирген.

Ага чейин Петагондун башчысы Сириядан чыгарылган аскерлер Ирактын батышында каларын жана «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы операцияларын уланта турганын кабарлаган.

Учурда АКШнын Иракта «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөшкөн эл аралык коалициянын курамында кызмат өтөгөн 5200 жоокери бар. Президент Дональд Трамп ушул айдын башында Сириянын түндүк-батышындагы миңдей жоокерин чыгарып кетүүнү чечкен. Бирок кийин Пентагон аскерлер «Ислам мамлекетинин» жоочулары пайда көрбөшү үчүн Сириянын түндүгүндөгү мунай кендерине жакын жерлерде кала бере турганын айткан.

XS
SM
MD
LG