Жерүй алтын кенинде кыртышты ачуу иштери башталды. «Альянс Алтын» ишканасынын техникалык-өндүрүү башкармалыгынын бул маалыматын «Экономист» финансылык басылмасы таратты. Жерүйдө техникалык суу топтолуучу башкы жай ишке киргени «Альянс Алтындын» сайтына жарыяланды.
Компания 2019-жылдын аягына чейин кыртышты ачуу иштерин көбөйтүп, алтын иргөөнү пландап жатат.
Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык алдын ала иликтөөлөргө ылайык, кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.
1992-жылдан бери Жерүйдү иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашкан.
Чет элдик компаниялардын кыргыз өкмөтү менен түзгөн келишимдери ар кандай себептер менен ишке ашпай келет. Биринде инвестор банкрот болуп сызга отурса, дагы биринде Кыргызстан миллиондогон доллар доого жыгылган.
2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын алдында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. (SE)
«Азаттыктын» архиви: Колдон колго өткөн Жерүй