Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Өзбекстандыктарга өлкөдөн 10 миң доллар алып чыгууга уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев кол койгон «Валюта базарын тартипке салуу тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кирди.

Ага ылайык, жарандар өлкөдөн накталай түрдө 100 миллион сумга чейин (10,6 миң доллар) каражат алып чыга алышат.

Мындан тышкары мыйзам өзбекстандыктарга чет өлкөлөрдө тоскоолдуксуз банк эсептерин ачууга, аларга акча которууга, ошондой эле баалуу кагаздар менен төлөм документтерине ээлик кылууга укук берет. Ошол эле маалда документ жарандарды Өзбекстандын аймагында бардык төлөмдөрдү улуттук валютада жүргүзүүгө милдеттендирет.

Буга чейин өлкө жарандары сыртка декларациясы жок 2 миң доллар, декларация менен 5 миң долларга чейин каражат чыгара алышкан. Мындан чоң сумма чыгаруу үчүн Борбордук банктын уруксаты талап кылынган.

XS
SM
MD
LG