Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:22

НАТО Украинага аскердик жардамды көбөйтүүгө чакырууда


Йенс Столтенберг Брюсселдеги басма сөз жыйынында. 23-октябрь, 2019-жыл.

НАТО Украинага аскердик жардамды көбөйтүүгө чакырууда. Бул тууралуу Брюсселдеги басма сөз жыйынында аскердик-саясий биримдиктин баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

Анын айтымында, Украинага колдоо көрсөтүү маселеси уюмга кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жакынкы эки күндөгү жолугушуусунда каралат. Ал ошондой эле кийинки жумада уюмдун эксперттери Киев жана Одесса шаарларына барып, украин армиясынын азыркы абалы менен таанышып келерин кошумчалады.

Сирия менен Түркиянын чек арасын биргелешип күзөтүү тууралуу Москва менен Анкаранын ортосундагы макулдашуу жөнүндө пикирин билдирген Столтенберг азырынча ага баа берүүгө эрте экенин белгиледи. Ошол эле маалда ал тараптардын жаңжалды саясий жактан жөнгө салуу аракети ишеним жаратып жатканын кошумчалады.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG