Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Аэропортто машиненин багажынан өлүк табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, милицияга Сокулук районунун Комсомол айылынын тургуну кайрылып, бир тууган агасы 22-октябрда аэропортко кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирген. Бул кайрылуунун негизинде тиешелүү иштер жүргүзүлүп, кечээ кечке маал аэропортко жакын жерде токтоп турган автоунаанын багажынан изделген адамдын сөөгү табылган. 39 жаштагы маркумдун күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Учурда Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголуп, тергөө иштери башталды.

Өткөн аптада «Мадина» базарында соода кылган Абдурахеман Хуфур аттуу ишкердин киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү талкуу жараткан. Бул кылмыш үчүн сегиз адам кармалып, алар ишкердин автоунаасына ээлик кылыш үчүн ушундай ишке барганы айтылган.

Ошондон кийин Жогорку Кеңеште криминалга каршы күрөштү жарыялоого чакырыктар ташталган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG