Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Жогорку Кеңеште Арстан Алайга чара көрүү маселеси кайра көтөрүлдү


Арстан Алай.

Жогорку Кеңеште Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин билдирүүлөрүнө чара көрүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Депутат Тазабек Икрамов Арстан Алайдын «Кудаймын» деген билдирүүсүнө Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссия тезинен чара көрүшү керек экенин билдирди:

- «Мен Кудаймын» деп чыгып, «Кудай жок» деп басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Ушуга Дин иштери боюнча агенттик тез аранын ичинде чара көрүшү керек. Эмне үчүн дааватка тыюу салынат да, ушуга окшогон кишилерге чара көрүлбөйт?

Арстанбек Абдылдаев 2011-2017-жылдары эки жолу президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөндөн кийин коомчулукка кеңири таанылган. Жакында анын билдирүүлөрү боюнча маселе парламентте көтөрүлүп, андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Абдылдаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG