Чүй облусунда Казакстандын аймагынан түтүк менен мыйзамсыз түрдө күйүүчү май сордуруп жүргөн адамдар аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, Кең-Булуң айылынан аймагында үч чакырымдык түтүк аркылуу коңшу өлкөдөн бензинди алып өтүп жүргөн. Бул факт боюнча териштирүү башталып, келтирилген чыгым эсептелип жатат. (BkA)