Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Депутат жеке медициналык окуу жайлары салык төлөбөй жатканын айтты (видео)


Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультети.
Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультети.

Кыргызстанда жеке менчик мединциналык окуу жайлары чет өлкөлүк студенттерди окутуудан салык төлөбөй жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исмаилова маселе көтөрдү. Анын айтымында, бул багытта мамлекеттик окуу жайлары менен жеке окуу жайларынын салык төлөө жаатында айырма абдан чоң болуп жатат.

- Мисалы, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы быйыл 95 чет өлкөлүк студентти кабыл алган. Бул үчүн 23 миллион 996 миң сом төлөптүр. Кыргыз-Орус (Славян) университети 445 студент же болбосо Медакадемияга караганда үч эсе көп студент кабыл алып, ошондой эле салык төлөгөн. Кыргызстандын Эл аралык университети болсо 445 чет өлкөлүк студент кабыл алып, 1 миллион 780 миң сом салык төлөгөн. Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын расмий маалыматы боюнча Эл аралык медициналык университет түзүлгөндөн бери мамлекетке 1 сом да төлөгөн эмес. Аталган университет 2019-2020-окуу жылында 784 студент кабыл алган. Бул окуу жайында бир студент үчүн окуу акысы орточо 150 миң сомду түзөт, - деп билдирди депутат.

Аида Исмаилова «бюджетте акча жок» деп айтылып келгени менен ушул сыяктуу мекемелерден салык чогултулбай жатканын билдирди.

Депутаттын маалыматы боюнча өлкөдө жеке менчик медициналык окуу жайлары абдан көп. Ага ылайык, Эл аралык медициналык жогорку мектепте 3616, Эл аралык университеттин алдындагы Эл аралык медицина мектебинде 796, АДАМ университетинде 112, Медико-социалдык илим-изилдөө институтунда 950, Эл аралык медициналык университетте 1236, Азия медициналык институтунда 2848 чет өлкөлүк студент билим алып жатат.

Аида Исмаилова ушул окуу жайларын текшерип, мамлекетке канча салык төлөп жатканын аныктоо зарыл экенин билдирди.

Кыргызстандагы медицина багытында окуу жайларында негизинен Индия менен Пакистандан келген студенттер билим алышат.

Буга чейинки расмий маалымат боюнча Кыргызстанда Индиядан келген 8600дөн ашык студент билим алары айтылган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG