Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:11

Ооган президентине нааразы болгон башкы дипломат кызматын тапшырды


Салахуддин Раббани Тышкы иштер министрлигин 2015-жылдан бери жетектеп келген.

Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Салахуддин Раббани кызматтан кетерин айтып арыз жазды. Бул тууралуу жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ал 23-октябрда президент Ашраф Ганиге жазган катында башкы дипломатиялык мекеме маанилүү чечимдерден четтетилип калганын, өкмөттүк эмес уюмдай эле мамиле болуп калганын сындады.

Раббани административдик реформага шылтоолоп айрым учурларда өкмөттүк түзүмдөр кодуланып жатканын белгилеп, мындай көрүнүш өлкө биримдигине доо кетирерин эскертти.

Ооган өкмөтүнүн башчысы Абдулла Абдулланын жакын саясий санаалашы Раббани акыркы кезде президент менен тил табыша албай, Гани аны кеңсесиндеги жыйындарга чакырбай калганы айтылып жүргөн.

Бир нече күн мурун көз каранды эмес шайлоо комиссиясы 28-сентябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялоонун мөөнөтүн жылдырган. Анда негизги атаандаштык Гани менен Абдулланын ортосунда болгон.

Салахуддин Раббани - мурдагы президент, 2011-жылы киши колдуу болуп көз жумган Бурхануддин Раббанинин уулу жана ал тышкы мекемени 2015-жылдан тартып жетектеп жаткан.

Ооган бийлиги азырынча анын арызы тууралуу комментарий жасай элек.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG