Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Эл аралык террордук уюмдун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды


Кармалган жаран.
Кармалган жаран.

Бишкек шаарында издөө иштеринин натыйжасында эл аралык террордук уюмдун мүчөсү, Кыргызстандын 39 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Такталгандай, Жалал-Абад облусунун тургуну (М.А.) 2011-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренесинин 3-бөлүмү (эски редакцияда «Террордук акт») боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн.

Кармалган адам Кыргызстандын аймагында теракт жасоого аракет кылган уюмдун мүчөсү болгон.

2011-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Ош облусунда эл аралык террордук уюмдун башчысы жок кылынган жана топтун башка мүчөлөрү кармалып, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган. Азыр колго түшкөн жаран ошол кезде качып кетүүгө үлгүргөн.

Ош шаардык соту кармалган жарандын бөгөт чарасын карап, УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө абагына эки айга чейинки мөөнөткө камакка алды. Учурда тергөө жүрүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG