Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:59

Испан диктатору Франсиско Франконун сөөгү башка жайга которулат


Франсиско Франконун сөөгү жаткан мавзолей.
Франсиско Франконун сөөгү жаткан мавзолей.

Испанияда мындан 44 жыл илгери көз жумган диктатор Франциско Франконун сөөгүн башка жерге көчүрүп жатышат. Анын сөөгү учурунда жарандык согушта курман болгондордун урматына курулган мемориалдык комплекске коюлган болчу.

Мавзолейден алынып чыккан сөөк Мадриддин четиндеги Эл-Пардо көрүстөнүнө, Франконун жубайынын жанына коюлмакчы.

Эксгумацияга маркумдун жакындары, урпактары катышып, процесске юстиция министри менен өкмөт башчынын өкүлү көз салып турушат. Маалымат каражаттары менен коомчулук өкүлдөрү мемориалга киргизилген жок.

Бийликтеги социалисттер көптөн бери эле диктатордун сөөгүн көчүрүүгө аракет кылып келишкен. Франконун жакындары менен ашынган оңчулдар бул чечимге каршы чыгышкан.

Франко Испанияны 1939-жылдан тартып көзү өткүчө - 1975-жылга чейин башкарган. Анын сөөгү коюлган комплекс акыркы жылдары ашынган оңчулдар чогулган жайга айланып калган жана муну испандардын көбү жактырышчу эмес.

XS
SM
MD
LG