Жалал-Абад облусунда саясатчы Садыр Жапаровду колдоо штабын уюштурууга жана андан ары ишти улантууга укук коргоо органдары жолтоо болуп жатышканын бүгүн анын тарапташтары билдирип чыгышты. Алардын бири Абдыпатта Маткалыковдун айтымында штаб үчүн кеңселерди ижарага алууда укук коргоо органдары тоскоол болуп жатат.
- Биз мыйзамдуу түрдө иш алып баралы деп, штабды уюштурууга шаардан ижарага кеңсе алганбыз. Бирок айрым укук коргоо кызматкерлери ижара берүүчүлөрдү коркутуп, бизди имараттан чыгарууну айласын издеп жатышат. Буга чейин алты кеңсебизди менчик ээлери укук коргоо органдарынын басымынан улам бизге берүүдөн баш тартып коюшту, - деди Маткалыков.
Буга байланыштууал президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, ушул жагдайды жана Садыр Жапаровдун соттук иштерин катуу көзөмөлгө алышын суранды.
Ал эми Жапаровду колдоо штабынын дагы бир мүчөсү, Ноокен районунун тургуну Гүлнура Абсабырова башка аймактарда да штабдарды уюштурууга бут тосулуп жатканын билдирди.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.(BkA)