Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:46

Чүйдө жүргүнчүлөрү менен бараткан кичиавтобус оодарылып кетти (видео)


Кырсык болгон жерден тартылган видеодон алынган кадр.
Кырсык болгон жерден тартылган видеодон алынган кадр.

Чүй облусундагы айланма жолдо, Бишкек шаарынан анча алыс эмес жерде жүргүнчүлөрдү ташып бараткан кичиавтобус кырсыкка кабылды. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмү ырастады.

Мекеме билдиргендей, «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү транспорт Бишкектен Чолпон-Ата шаарына бараткан. Кырсыктан жабыр тарткандардын абалы тууралуу толук маалымат бериле элек.

Кырсык 24-октябрда түштөн кийин болгону кабарланды. Окуя болгон жерде тиешелүү кызматкерлер иштеп жатат.

Мунун алдында «Turmush» сайты аталган кырсыктагы кичиавтобуста 18 жүргүнчү болгонун жазып, күбөлөр жөнөткөн видеону жарыялады. «Kaktus.media» сайты да окуя болгон жерден тартылган кыска тасманы «YouTube» баракчасына илди. Тасмада кичиавтобус аңтарылып жатканы, анын жанында жабыр тарткан жүргүнчүлөр отурганы көрүнүп турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG