Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Сахаров атындагы сыйлык уйгур активисти Илхам Тохтиге ыйгарылды


Илхам Тохти 2014-жылы өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген.
Илхам Тохти 2014-жылы өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген.

Европа парламенти 24-октябрда Сахаров атындагы сыйлыкты Кытайда 2014-жылы жикчилдикке байланыштуу айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин соттолгон уйгур активисти Илхам Тохтиге берди.

Парламент спикери Давид Сассоли сыйлык тууралуу жарыялап жатып, Бээжинди укук коргоочуну «чукул арада» бошотууга чакырды.

Буга чейин Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ПАСЕ) Тохтиге Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты берген.

Бээжин камактагы уйгур активистке эл аралык сыйлыктардын берилишин айыптап келет.

Былтыр Сахаров сыйлыгы ошол кезде Орусияда абакта отурган украиналык режиссер Олег Сенцовго ыйгарылган. Ал жакында эле Москва менен Киевдин туткундарды алмашуу жараянынын алкагында Украинага кайтып келди.

XS
SM
MD
LG