Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

Чөлдүн ташбакасы Өзбекстанда Кызыл китепке киргизилди


Чөл ташбакасы.
Чөл ташбакасы.

Орто Азиянын чөл ташбакасы жоголуп кетүү коркунучунда болгондуктан, Өзбекстандын Кызыл китебине киргизилди.

Өлкөнүн Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин маалыматына караганда, чөл таш бакалары байырлоого жараксыз болуп калган чөлкөмдөрдүн жалпы аянты 300 000 чарчы чакырымды түзөт. Акыркы 60 жылда айыл чарба ишмердүүлүгүнөн улам ташбакалар жашай турган жер 1,5 миллион гектарга кемиген.

Өзбек бийлиги ташбакаларды Кызыл китепке киргизип, аларды базарда сатууга тыюу салууну көздөйт.

Орто Азия чөл ташбакасы өткөн кылымдын биринчи жарымында азая баштаган. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында ташбаканын эти консерва чыгарууда колдонулган.

Орто Азия ташбакасы Эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин (IUCN) Кызыл тизмесине киргизилген.

XS
SM
MD
LG