Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Орусия Кыргызстанда өстүрүлгөн 20 тонна калемпирди артка кайтарды


Россельхознадзор сайтынын сүрөтү.
Россельхознадзор сайтынын сүрөтү.

Орусиянын Россельхознадзор мекемесинин чечими менен Кыргызстанда өстүрүлгөн тонналаган калемпир Оренбург облусуна киргизилбей, артка кайтарылды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтына жазылды.

Маалыматка караганда, 17-24-октябрь күндөрү орус-казак чек арасынан алты жолу 117 тонна өндүрүмдү мыйзамсыз алып өтүү аракети болгон.

Россельхознадзордун, чек арачылардын жана Федералдык коопсуздук кызматынын биргелешкен текшерүүсүнөн кийин бул өндүрүмдө фитосанитардык карантиндик талаптарга жооп бере турган документи жок экени аныкталды.

Артка кайтарылган 117 тонна калемпирдин 97си Казакстанда, 20сы Кыргызстанда өстүрүлгөн.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG