Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык күнүн белгилөө иш-чаралары өтүп жатат.
Быйыл 24-октябрда бул уюмдун түзүлгөнүнө 74 жыл болду.
Кыргызстан БУУга 1992-жылы мүчө болгон. Учурда Бишкекте уюмдун онго жакын агенттик, фонд жана долбоорунун өкүлчүлүгү иштейт. Алардын негизги багыттары – тынчтык жана коопсуздук, туруктуу өнүгүү, адам укуктары, аймактык өнүгүү, адамдын саламаттыгы жана тамактануусу, жаштар жана балдар.
БУУ күнүн белгилөө алкагында 26-октябрда Бишкекте ВИЧти алдын алууна арналган интерактивдүү викторина уюштурулат. (RK)