Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 17:05

«Азаттыктын» оператору Ош шаардык милициясында сурак берүүдө


Айбек Кулчуманов.

Бүгүн, 25-октябрда «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчуманов Ош шаардык ички иштер башкармалыгында сурак берип жатат.

Буга чейин Кулчумановго келген эки чакыруунун биринде күбө катары жабырлануучу менен беттешүү үчүн 19-октябрда милицияга келиши керек экендиги айтылган. Бирок ал күн ишемби болгондуктан сурак бүгүнкүгө калган.

Экинчи чакыруу ушул эле күнгө белгиленип, Кулчумановдун арызынын негизинде козголгон кылмыш ишине байланыштуу жиберилген.

Анда Кулчуманов жабырлануучу катары кошумча сурак жүргүзүү жана кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн чакырылганы көрсөтүлгөн.

28-сентябрда Кулчуманов Ош шаарында дрон аркылуу материал тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип кол салып, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Ал Бишкекке келип, ооруканалардын биринде дарыланып чыкты. Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгогон.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Мындан тышкары Руслан Матраимовдун бакча жумушчусу Ооматбек Абдыкадыр уулу башына дрон кулап түшкөнүн айтып, милицияга арыз жазган.

Бул боюнча экспертиза дайындалып, жыйынтыгы өткөн жумада жарыяланды. Анда Кулчуманов жараат албаганы, ал эми Абдыкадыр уулуна башынан жараат алды деген жыйынтык чыгарылганы белгиленген. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG