Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Пакистандык укук коргоочу атасы дайынсыз болуп жатканын билдирди


Гүлалай Исмаил.
Гүлалай Исмаил.

Пакистандык белгилүү укук коргоочу Гүлалай Исмаил Пешаварда анын атасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирди.

Ал АКШдан “Азаттык” радиосу менен телефондон байланышка чыгып, атасы Мохаммед Исмаил соттук отурумдан кийин үйүнө кайтып баратканда полиция кызматкеринин кийимин кийген бир нече адамдын чабуулуна кабылганын айтып берди.

Бул маалыматты терроризм үчүн айыпталып жаткан профессор Исмаилдин адвокаты Шахабуддин Хаттак да тастыктады.

Гүлалай атасынын ден соолугу начар, кан басымы жогору экенин айтууда.

Бир нече ай мурун АКШга качып барган укук коргоочу Гүлалай Исмаил Пакистанда демократия орнотуш үчүн күрөшүн токтотпосун билдирген.

Исмаил өткөн жылы августта Пакистанда митингге катышкандан кийин «мамлекетке каршы ишмердүүлүк кылган» деп куугунтукталган. Ал Нью-Йоркко келип, качкын макамын сураган. Укук коргоочу өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн, досторунун коопсуздугунан кабатыр болуп жатканын айтты.

Исмаил АКШга Шри-Ланка аркылуу келген. Бул өлкө менен Пакистан визасыз режимде. (RK)

XS
SM
MD
LG