Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:19

Жонсон парламенттен мөөнөтсүз шайлоону колдоп берүүнү суранды


Британ премер-министри Борис Жонсон Өкүлдөр палатасында. 22-октябрь, 2019-жыл.
Британ премер-министри Борис Жонсон Өкүлдөр палатасында. 22-октябрь, 2019-жыл.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон парламенттен жалпы шайлоону 12-декабрда өткөрүү боюнча сунушту колдоону суранып жатат. Анын ордуна өкмөт башчы Брекзит боюнча келишим менен таанышуу үчүн кошумча убакыт берерин айтты. Эрте шайлоо өткөрүш үчүн тиешелүү чечимди Өкүлдөр палатасынын үчтөн эки бөлүгү колдошу керек.

Жонсон Евробиримдик келишимди талкуулоого берилген мөөнөттү узартышы мүмкүн экенин билдирди. Британия шаркеттен 31-октябрга чейин чыгып кетиши керек.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Жонсондун билдирүүсүнө комментарий берген жок.

Буга чейин британ парламентинин Өкүлдөр палатасы өлкөнүн биримдиктен чыгуу шарттары камтылган келишим долбоорун чукул кароодон баш тарткан.

XS
SM
MD
LG