Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Милиция: Эгиз төрөлгөн балдардын биринин өлүмү териштирилип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй милициясы Токмок шаарынын төрөтканасындагы окуя боюнча түшүндүрмө берип, сотко чейинки териштирүү уланып жатканын маалымдады.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, 2018-жылдын 24-декабрында жергиликтүү тургун бир күн мурда төрөлгөн эгиз уулдарынын бири чарчап калганын айтып, айыптууларга карата чара көрүүнү талап кылып кайрылган.

Арыз каттоого алынып, жабыркаган тараптын талабы менен бир нече экспертиза жүргүзүлгөн.

Облустук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Назира Имангазиеванын айтымында азыр кезектеги экспертиза пландалууда:

- Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы соттук-молекулярдык-генетикалык экспертиза жүргүзүү үчүн Орусиянын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү максатында Кыргызстандын Башкы прокуратурасына эл аралык тергөө тапшырмасын жөнөттү. Ымыркайдын ДНКсын изилдөө тууралуу кат жоголду деген маалымат чындыкка жатпайт.

24-октябрда укук коргоочу Рита Карасартова Фейсбуктагы баракчасына ымыркайынан ажыраган келиндин катын жарыялаган. Анда келиндин эгиз уулдарынын экөөсү тең тирүү төрөлгөнү, эртеси күнү биринин дене табы ысып жатканын айтып алып кетишкени жана кийин бала өлүү төрөлгөнүн айтып, башка ымыркайдын сөөгүн берип коюшканы айтылган.

Төрөткананын жетекчилиги бул боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG