Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери Алга Кылычов үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат катчысы Асел Равшанбекова билдирди:
- Тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим бар. 22-октябрда алар өтүнүч алып келишти. Сот аны канааттандырды.
Кылычев 7-8-августта Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо маалында башаламандык уюштурган деп айыпталып, камакка алынган. Ал алгач Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып, кийин Бишкек милициясынын убактылуу тергөө жайына которулганы кабарланган.
Кылычев мурдагы президент бийликти басып алып, төңкөрүш кылууну каалаганын айтып, КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге, Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берген. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирген.
Бул боюнча Кылычовдун жакындары жана жактоочулары комментарий бере элек. (RK)