Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:49

Англияда табылган 39 сөөккө байланыштуу эки адам кармалды


Ичинен 39 сөөк чыккан оор жүк ташуучу машине, 23-октябрь, 2019-жыл.
Ичинен 39 сөөк чыккан оор жүк ташуучу машине, 23-октябрь, 2019-жыл.

Британ полициясы оор жүк ташуучу машиненин ичинен табылган 39 кишинин сөөгүнө байланыштуу эки адамды камакка алды. Англиянын түндүк-батышындагы Уоррингтондон 38 жаштагы эркек менен аял "капыстан адам өлтүрүүгө" жана "адам аткезчилигине катыштыгы бар" деген шек менен кармалганын Эссекстин полициясы 25-октябарда билдирди.

Буга чейин түндүк ирландиялык 25 жаштагы Мо Робинсон деген адам өлтүрүүгө шектүү болуп кармалган.

23-октябрда Лондондон 30 километр алыс жердеги өнөр жай аймагында токтоп турган оор машиненин ичинен 39 сөөк табылган. Автоунаа өткөн ишембиде Британияга Болгариядан келген.

24-октябрда Кытайдын Лондондогу элчилиги жергиликтүү полицияны кытайлык жарандарга байланышкан окуянын чоо-жайын тезинен тактоого чакырды. Анын алдында британ полициясы 39 сөөктүн тек жайы аныкталганын, алар кытайлыктар экенин билдирген.

Көп жылдардан бери мыйзамсыз мигранттар Европанын башка өлкөлөрүнөн Британияга карай агылып, жүк ташыган фуралардын ичине жашынып жетүүгө аракет кылышат. 2000-жылы Довер портунда помидор ташыган оор машиненин ичинен 58 кытайлыктын сөөгү табылган.

XS
SM
MD
LG