Кыргызстанда кургак учукту дарылоого багытталган жаңы долбоор иштей баштады. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен ишке ашырыла турган долбоордун бет ачары 25-октябрда Бишкекте өттү.
АКШ өкмөтү бөлүп берчү 18 млн доллар кургак учуктун дарыга туруктуу формасынын жайылышын токтотууга пайдаланылат. Мөөнөтү - 2019-2024-жылдар.
Бүгүнкү иш-чарага катышкан USAID миссиясынын Гари Линден буга чейинки кызматташтыктын натыйжасы менен сыймыктанса болорун айтты. Бирок, анын белгилешинче, алдыда дагы бир топ иштерди аткаруу зарыл, себеби “Кыргызстан кургак учуктун катардагы дарысынын күчү жетпей калган формасы көп катталган 30 өлкөнүн тизмесинен чыга элек”.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев да бул багытта дагы аракет талап кылынарын белгилеп, бейтаптын кызыкчылыгы биринчи орунга коюлуп жатканын, маалыматтык системалар жана дарылоонун жаңы ыкмалары киргизилиши керектигин кошумчалады.
USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору бул илдет боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча кыргыз өкмөтү менен иштешет.
Ошону менен катар бейтаптарды кодулоо жана басмырлоо көйгөйүн медицина кызматкерлери жана коомчулук менен бирге чечүү максаты коюлууда.
Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматына караганда, Кыргызстанда кургак учуктун кадимки дарынын күчү жетпеген формасына чалдыккан бейтаптардын саны азая баштады. 2016-жылы 1244 болсо, 2017-жылы 1206, ал эми 2018-жылы 1176 учур болду.
Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган.
Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар. (RK)