Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү эки айга узартылды


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин мурдагы президенттин абактагы мөөнөтү 26-октябрга чейин деп аныкталган болчу.

Адвокат Слесаревдин айтымында, мурдагы президенттин бөгөт чарасы кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгышы боюнча баштапкы соттук процессте эле кабыл алынган экен

“Соттук процессте судья бул жөнүндө айткан эмес. Биз токтомду колубузга алганда гана билдик. Атамбаевдин бөгөт чарасы соттук териштирүүнүн мөөнөтү бүткөнчө деп аныкталыптыр, бул мыйзам боюнча эки ай”, - деди адвокат.

Сергей Слесарев Алмазбек Атамбаев бул жараянга катышпоо боюнча чечимин өзгөртпөгөнүн кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев быйыл 8-августта бир нече кылмышка шектүү катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагына камакка алынган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Алардын арасында 7-8-августта Кой-Таш айылында күч органдарына каршылык көрсөтүү, кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгышы, Бишкек Жылуулук борборундагы коррупция боюнча жана башка 15тен ашык иш бар.

Мурдагы президенттин адвокаттары жана тарапташтары муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган.(BkA)

XS
SM
MD
LG