Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Жапония алдыдагы беш жылда 345 миң жумушчу визасын берүүнү пландоодо


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жапония алдыдагы беш жыл ичинде 345 миңден ашык адамга жумушчу визасын берүүнү пландап жатат.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушууда Жапониянын юстиция министри Кацуюки Каваи билдирген. Бул виза курулуш, автомобилди тейлөө сыяктуу тармактардагы жумушчуларга берилет.

Жапония быйыл миграциялык мыйзамдарын өзгөртүп, “атайын жөндөм 1” жана “атайын жөндөм 2” деп аталган визалардын түрүн киргизген. Мунун алкагында алдыңкы беш жылда 345 миң 150 жумушчуга виза берүү пландалууда.

Айдарбеков Кыргызстан мындай талаптарга жооп берчү кадрларды даярдоо жааттында иш алып барганын билдирди. Министр Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги жергиликтүү компаниялардын арасында Кыргызстандагы эмгек резерви жөнүндө маалыматтарды таратып жатканын кошумчалаган.

2018-жылы Жапониянын өкмөтү өлкөгө 500 миңге чейин мигранттын киришине уруксат берген чечим кабыл алган.

Учурда Кыргызстандын расмий эсеп менен 700 миңге жакын жараны чет өлкөдө миграцияда экени айтылып келет.

Ал эми Жапонияда 300дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын көпчүлүгү студенттер.(BkA)

XS
SM
MD
LG