Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Киев көчөсүн автоунаалар үчүн жабуу пландалууда


Бишкек мэриясы
Бишкек мэриясы

Бишкектеги Киев көчөсүнүн Манас проспектисинен Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн автоунаалар үчүн жаап, жөө жүргүнчүлөр гана жүргөндөй кылуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантур уулу билдирген. Ага ылайык, борбор калаадагы Линейный көчөсүн толук оңдогон соң бул планды ишке ашыруу каралууда.

Бишкек мэриясынан планды алдыңкы бир-эки жыл ичинде жүзөгө ашырууну болжоп жатышканын билдиришти.

Анын алкагында шаардыктар үчүн Киев көчөсү жөө сейилдөөчү көчөгө айланып, атайын велотилке да каралган.

“Бул иш Линейный көчөсүнүн оңдолушуна жараша болот” деп билдиришти мэриянын тиешелүү кызматкерлери. Бишкекте жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жай куруу буга чейин көтөрүлүп келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG