Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists, CPJ) Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго өлкөдөгү журналисттердин тоскоолдуксуз иштешин камсыздоого чакырды.
Мындай кайрылуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматынын журналисттери туш болгон тоскоолдуктан улам таратылды.
Баш кеңсеси Нью-Йоркко жайгашкан укук коргоо уюму 25-октябрдагы кайрылуусунда Тажикстандагы маалымат каражаттарына цензура, журналисттерди коркутуулар жана аккредитация алуу учурундагы тоскоолдуктарга тынчсыздануусун билдирди.
CPJ өз катында “Озоди” радиосу деген аталыш менен белгилүү “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматынын журналисттери өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тарабынан аккредитация ала албай жатканына көңүл бурган.
Учурда “Озоди” радиосунун беш журналисти аккредитациядан ажыратылган, дагы тогуз журналисттин каттоо мөөнөтү 1-ноябрда соңуна чыгат.
Буга чейин АКШнын Конгресси тажик бийлигине кайрылып, бул маселеге көңүл бурууга чакырган.