Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

АКШда соттолгон орус жараны Мария Бутина абактан бошотулду


Мария Бутина
Мария Бутина

АКШда Орусиянын тыңчысы деп соттолгон Мария Бутина абактан бошотулду. Ал абактагы 18 айлык жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн. Орусиялык маалымат каражаттарынын жазышынча, учурда абактан бошотулган Бутина мекенине жол тартты.

АКШда магистратурада окуп жүргөн студент, Орусиядагы «Курал укугу» деп аталган уюмдун мүчөсү Бутина былтыр июль айынын ортосунда кармалган.

Ал буга чейин чет элдик агенттер жөнүндө америкалык мыйзамды бузганын мойнуна алган. Калган айыптарды, анын ичинде «Орусиянын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөгөн» деген дооматты четке каккан.

АКШдагы таасирдүү «Улуттук курал ассоциациясы» аркылуу орустардын кызыкчылыгына кызмат кылган. Торшин бул иш боюнча айыпталган эмес, ал АКШ былтыр апрелде киргизген санкцияга илинген.

Мындан соң Вашингтондогу сот орусиялык жаран Мария Бутинаны АКШнын аймагында каттоодон өтпөгөн Орусиянын тыңчысы катары аракеттенип жүргөн деп таап, 18 айга эркинен ажыраткан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Бутинаны «саясий туткун» деп атаган.

XS
SM
MD
LG