Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Чилиде ири нааразылык акциясы өттү


Чилидеги акция
Чилидеги акция

Чилинин борбору Сантьягодо жума күнү өткөн митингге миллиондон ашык адам катышты. Reuters агенттиги жазгандай, митингге чыккандар өлкөдө конституциялык жана социалдык реформаларды өткөрүүнү жана былтыр бийликке келген президент Себастьян Пиньердин отставкасын талап кылышты.

Акциянын катышуучулары Чилинин желектерин жана саясий талаптар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Алар калаа четиндеги аймактан борбордогу Бакедано аянтына чейин бир нече чакырымды басып өтүштү.

Акция учурунда тиреш болгон жок, бирок парламент имаратына жакындагандарга каршы полиция көздөн жаш агыза турган газ колдонду.

Сантьягонун мэри Карл Рубилар акцияны “тарыхый” деп атап, “борбор калаа миллионго жакын адам катышкан маршты кабыл алганын” билдирди.

Чилиде нааразылык акциялары бир нече аптадан бери уланууда. Алар өлкөдөгү метрого акы көтөрүлгөндөн тарта башталган. Буга чейин акциялар башаламандык менен коштолуп, 19 адам каза болуп, 500дөн ашууну жараат алган. Буга байланыштуу Сантьягодо жана бир катар шаарларда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

XS
SM
MD
LG