Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Футбол: Жапония жана Тажикстан менен беттеш күйөрмансыз өтүшү мүмкүн


Кыргызстандык футболчулар
Кыргызстандык футболчулар

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын ноябрь айындагы Жапония жана Тажикстандын футболчулары менен беттештери күйөрманы жок өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, федерация учурда ФИФАнын дисциплинардык комитетинин чечимин күтүп жатат. Буга чейин Кыргызстан жана Мьянма курама командаларынын Бишкекте өткөн беттешинде жергиликтүү күйөрмандардын бири оюн талаасына чуркап чыккан.

Футбол федерациясы күйөрмандын бул кылыгы үчүн акчалай айып салынып же алдыдагы беттештер күйөрмансыз өтүшү мүмкүн экени билдирди.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарынын алкагында кыргызстандык футболчулар 14-ноябрда Жапония, 19-ноябрда Тажикстан менен беттешет.

Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0-1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7- 0, Монголияны 2-1 эсебинде уткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG