Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:01

Баткенде нааразы тургундар Ош-Исфана жолун бууп, кайра ачышты


Көк-Таш жана Орто-Боз айылдарынын ортосунда турган Жака-Өрүк тилкеси.
Көк-Таш жана Орто-Боз айылдарынын ортосунда турган Жака-Өрүк тилкеси.

Баткенде Жака-Өрүк аймагынын Орто-Боз айылынын тургундары Ош-Исфана жолун буушту.

Баткен облустук милициясынын кабарлашынча, акцияга чыккандар 24-октябрда Тажикстандын Чорку айылына барган учурда тажик чек арачылары кармап кеткен адамды бошотууну талап кылышкан. Ал адам чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалган.

Облустук милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң акцияга чыккандар тарап кетишти.(JsA)

XS
SM
MD
LG