Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Орусия: Армиядагы ок атууга өкүмзордук себеп болушу мүмкүн


Кармалган жоокер Рамиль Шамсутдинов
Кармалган жоокер Рамиль Шамсутдинов

Орусиянын Забайкалье крайындагы сегиз адамдын өмүрүн алган кол салууга армиядагы өкүмзордук себеп болушу мүмкүн.

Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары окуя орун алган аскер бөлүгүндө кызмат өтөп кеткендердин бирине таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ок жеп каза болгон офицерлердин бири жоокерлерди кордоп, уйку бербей, ур-токмокко алып келген.

"Mash телеграмм" каналынын жазышынча, аталган бөлүктөгү жоокерлер арасында ыдык көрсөткөн учурлар болуп келген. Кылмышка шектүү Рамил Шамсутдинов ок аткандар өзү менен кошо кызмат өтөгөн ыкчам топтун жоокерлери болгон.

Каргашалуу окуя 25-октябрда кечки саат 6дан 20 мүнөт өткөндө аскердик бөлүктө кароол алмашып жатканда болгон.

Баштапкы маалыматка караганда, ок тийген жети киши мүрт кеткен, бирөө ооруканада көз жумган. Бул окуя учурда териштирилип жатат.

XS
SM
MD
LG