Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Иранда төрт журналист жана эки активист абактан бошотулду


Ирандын желеги
Ирандын желеги

Иран бийлиги төрт журналистти жана эки активистти күрөөгө бошотту. Эркиндикке чыккандардын арасында жумушчулардын эмгекчилердин укугу үчүн күрөшкөн Сепиде Голиян да бар. Ал тогуз айдан бери абактан отурган. Эки күн мурун "Amnesty International" укук коргоо уюму активистти бошотуу боюнча Иран бийлигине кайрылган болчу. Абакта ачкачылыкты жакында гана токтоткон Голиян 120 миң долларга чукул күрөө төлөгөнү кабарланды.

Ирандагы ISNA агенттигинин жазышынча, дагы бир активист Атефе Рангриз абактан бошотулду. Ал быйыл май айында камакка алынып, абакта узак мөөнөттүү ачкачылык жарыялаган эле.

Ал эми камактан чыккан журналисттердин арасында GAM деп аталган интернет журналдын кабарчылары Амир Амирголи, Амирхосейн Мохаммадифард, анын аялы Саназ Аллахари жана “Шарх” гезитинин журналисти Марзи Амири бар экени айтылды.

XS
SM
MD
LG