Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 11:09

Өзбекстанда той өткөрүү эрежесин бузгандарга 1200 доллар айып салынышы мүмкүн


Өзбек тою

Өзбекстанда үйлөнүү жана башка үй-бүлөлүк үлпөттөрдү өткөрүү жобосун бузгандарга 11 миллион сум же 1200 доллар айып салынышы мүмкүн. Өзбекстандын Административдик мыйзам бузуу боюнча кодексине мына ушундай өзгөртүүлөр киргизилип, документ коомдук талкууга коюлду. Кодекске “үйлөнүү той, үй-бүлөлүк үлпөттөр жана куран окутуу жобосун бузуу” жөнүндө өзүнчө берене киргизилди. Ага ылайык, эгер мындай салтанатты өткөргөндөр аталган жобону бузса 2,23 миллион сум же 240 долларга чейин айып салынышы мүмкүн. Ал эми эрежени сактабаган тойкана, кафе, ресторандардын кожоюндары 6 миллион сумдан 11 миллион сумга чейин айыпка жыгылат.

Өткөн айда парламент той-топурдун чыгымын азайтуу чаралары камтылган токтом кабыл алган. Ага ылайык, үйлөнүү үлпөттөрүндө музыкалык топтордун саны экиден ашпашы керек жана 250 адамдан көп конок чакырганга болбойт. Ошондой эле үйлөнүү үлпөтүнүн кортежи үч гана машинеден турушу керек. Мындан сырткары тойду бир гана күн - эртең мененки саат 6дан түнкү 23:00гө чейин өткөрүү каралган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин бир топ жыл чогулткан акчасына той бергендерди, тууган-уругунан карызга алып маараке өткөргөндөрдү катуу сынга алып, уяткарган.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Тажикстанда той-топурга мыйзам аркылуу чектөө киргизилген. Аны бузгандарга ири өлчөмдө айып салынат.

Кыргызстанда да аш-мааракени, анын чыгымын азайтуу боюнча маал-маалы менен демилге көтөрүлүп келет.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG