Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 23-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:25

Зеленский ыктыярчыларды куралын таштоого чакырды


Владимир Зеленский Донбасста

Украинанын президенти Владимир Зеленский Луганск облусундагы Золотое шаарына барды. Бул аймакта орусиячыл жикчилдер менен жергиликтүү ыктыярчы кошуундар “Норманд төрттүгү” деп аталган топтун сүйлөшүүлөрүн аткаруудан баш тартып жатышат. Зеленский жергиликтүү ыкчыярчылар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшү тууралуу репортаждан украин президенти менен ыктыярчы кошуундун мүчөлөрүнүн бири кайым айтышып жатканын көрүүгө болот.

Ыктыярчы “Капитуляцияга жок” деп аталган акциянын катышуучулары менен президент жолугабы?" деп маселе коюп, мындай акция өлкөнүн бир нече облусунда өтүп жатканын айткан. Президент Зеленский болсо конкреттүү фактыны талап кылып, ачууланып жатканы тартылган тасманы украин маалымат каражаттары көрсөтүштү. Ошондой эле ал ыктыярчыларга курал-жарагын тапшырууга чакырган. Украинадагы УНИАН агенттигинин жазышынча, аталган аймакта ыктыярчылар курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрөт.

Владимир Зеленскийдин басма сөз кызматы президент жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшкөнүн кабарлады.

Донбасстагы кырдаалды жөнгө салыш үчүн 2014-жылы Орусиянын, Украинанын, Франциянын жана Германиянын лидерлеринин алгачкы сүйлөшүүлөрү Нормандияда өткөн. Ушундан улам сүйлөшүүлөрдүн мындай форматы «Норманд төрттүгү» деп аталып калган. Бул топтун кырдаалды жөнгө салуу боюнча талаптарынын бири Донбасстагы согуш талаасынан жаатташкан эки тарапты чыгаруу болгон.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG