Бул тууралуу өкмөттүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган системасы түзүлгөнү тууралуу маалыматында айтылат. Кабарларга караганда, аталган система боюнча убактылуу жобого премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Анда аталган система аркылуу өкмөт мамлекеттик кызматтагы кадрлардын сапатын жакшыртууну көздөөдө.
Учурда автоматташтырылган системага 56 мамлекеттик органдын борбордук аппараты жана Бишкек менен Талас шаардык мэриясынын кызматкерлери кошулду.
Быйыл жылдын аягына чейин өлкө боюнча мамлекеттик мекемелерге караштуу бөлүмдөрдү жана аймактык бөлүмдөрдү кошуу пландалууда. Ал эми кийинкы жылы ар бир айыл өкмөтү автоматташтырылган системага туташтырылат. (BkA)