Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Кой-Таш окуясы боюнча комиссия топтолгон материалдарды изилдей баштады


Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштын тургундары жолугушуу учурунда
Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштын тургундары жолугушуу учурунда

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түшкөн материалдарды иликтеп, бүтүмдүн үстүнөн иштеп жатышат. Бул тууралуу аталган комиссиядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, комиссия мүчөлөрү окуяга байланышы бар тараптар менен жолугуп, бардык материалдарды топтоду.

Буга чейин комиссия өз ишин 1-ноябрга чейин жыйынтыктай турганы кабарланган болчу.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлгөн. Комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жараат алган 175 адам ооруканага кайрылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG