Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Кыргызстан Социал-демократиялык фракциясынын 25-октябрдагы жыйынында өкмөткө караштуу Монополияны жөнгө салуу агенттигинин төрагасы Шухрат Сабиров билдирди. Анын айтымында, өкмөт тарабынан социалдык мааниге ээ болгон 14 позициядагы азык-түлүктөрдүн тизмеси бекитилген. Аларга мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилген.
«Бирок мамлекет товардын наркы 30 күндүн ичинде 20 пайыздан ашуун көтөрүлүп кеткен учурда гана кийлигише алат. Акыркы айда ун орто эсеп менен 3,5 пайызга, ал эми айрым аймактарда 17 пайызга көтөрүлдү», - деди Сабиров.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар негизги азык-түлүктөргө баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн тезинен чара көрүү зарылдыгын белгилешти.
Акыркы мезгилде Кыргызстандагы базаларда ун кымбаттады. Айрыкча бул өлкөнүн түштүк аймактарында сезилип, бир кап ундун наркы 300 сомго кымбаттаганы айтылган.
Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөрү Казакстанда буудайдын түшүмү начар болгондуктан баа өскөнүн айтышууда. (BkA)